Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын "Азаттыкка" билдиришинче, 12-октябрда айрым прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, банктык эсептерден камактарды алуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөөчүсү Анатолий Хегайга жана Алтынбек Намазалиевге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды жана өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапты деген айыптар угузулуп, 3-ноябрда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Анатолий Хегай камакка, Алтынбек Намазалиев үй камагына алынды.
Бул тергөөчүлөр мурунку жаратылыш ресурстары боюнча министр Капар Курманалиевдин жубайы Н. Курманалиевага тийиштүү болгон банктык эсептеги камакты алуу боюнча токтом чыгарышкан. Банктык эсепте 3,7 миллион сом акча каражаты жана алтын табылган. Капар Курманалиев мамлекетке 136 миллион сом өлчөмүндө чыгым алып келип, издөөдө болчу. Токтомдон кийин Н .Курманалиеванын ишеним каты менен К.Исаев банктык эсептен 21-июнда акча менен алтынды алып кеткен. Бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда. (AzK)