“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, бүгүнкү сот жараянында түштөн кийин 2 соттолуучунун эки күбөсү көрсөтмө берди. Азимжан Аскаровдун үйүнөн табылган диск, видеоматериалдар техникалык себептерге байланыштуу көрсөтүлгөн жок. Бүгүн түшкө чейин сотто Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев жабырлануучу катары, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы, ошол кызматтын 3 оперативдүү кызматкери жана окуяны алгач териштирген тергөөчү көрсөтмө берди.
А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А. Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Соттун бул өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу.(AzK)