Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Серб президенти согуштагы кыргын үчүн кечирим сурады


Борис Тадич Вуковардагы кыргындын массалык көрүстөнүнө кайрылган алгачкы серб президенти болуп калды. Мында 1991-жылы хорватиялык серб козголоңчулары югослав армиясынын жардамы менен 260 чакты хорватты өлтүрүшкөн. «Курмандыктарга ызаат кылып, дагы бир жолу кечирим сурайм жана өкүнүчүмдү билдирем» деди Тадич көрүстөнгө гүл чамбар коюп жатып. Тадич жана анын хорват кесиптеши Иво Йосипович аталган жылы 19 киши өлтүрүлгөн Паулин Двор айлында да болушат. 19 кишинин 18и серб улутундагылар болушкан.

XS
SM
MD
LG