Өлкөнүн Ява деген аралында Мерапи жанар тоосунун жаңы атылышынан кеминде дагы 49 адам набыт болгону кабарланууда. "Франс Пресс" агенттигинин маалыматына караганда, муну менен жанар тоонун курмандыктарынын жалпы саны 90го жакындады, ондогон адамдар жаракат алды. Мерапи жанар тоосу алгач 26-октябрда атылган болчу. Жанар тоо атылган аймактан буга чейин эле миңдеген адамдар чыгарылган.