Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Сот “Замандаш”, “Акыйкат” партияларынын арызын карап жатат


Ушул тапта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда “Замандаш” жана “Акыйкат” партияларынын шайлоого байланыштуу арыздары эки башка каралып жатат. “Замандаштын” юристи Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдору менен аталган партиянын протоколдору дал келбеген шайлоо участкаларда добуштар кайра саналсын деген талап коюп жатышканын билдирген. Кабарчыбыздын маалымдашынча, сот процессинде БШКнын өкүлдөрү бул талаштуу маселени сот чечсин деген позицияны карманып турушат. Ушул эле райондук сотто бүгүн түштөн кийин “Бүтүн Кыргызстан”, “Жашасын Кыргызстан” партияларынын жана “Мекен шейиттери” уюмунун шайлоого байланыштуу арыздары каралмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG