Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Б. Асанов сотто У. Аблазовдун айткандарын жокко чыгарды


“Санпа” окуясы боюнча Жалал-Абаддын губернатору бүгүн Ноокенде сотто көрсөтмө берди. Анда айыпталып жаткандардын бири, мурунку аким Усманжан Аблазов менен 14-июнда гана жолугуп телефон номерин бергенин, ага чейин сүйлөшпөгөнүн тастыктады. У. Аблазов буга чейинки соттук териштирүүдө губернатор жана Сузактын акими менен 12-13-күндөрү сүйлөшүп, элди тынчтандырууга чакырып жүргөнүн айткан. Сузактын акими Нурболот Мырзахмедов да бүгүн көрсөтмө берип У. Аблазовду 15-июнда гана көргөнүн айтты. “Санпа” окуясынын жабырлануучуларынын бири Чынара Мейманова сотто Ош-Бишкек жолунда тополоң уюштуруп жүргөндөрдүн арасында У. Аблазовдун болгонун билдирди. Мурунку аким У. Аблазов өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

12-13-июнь күндөрү “Санпада” миңге чукул адам чогулуп Ош-Бишкек жолунда ары-бери өткөн жолоочуларга кол салышкан. Натыйжада 16 адам өлүп, экөө дайынсыз болууда. Бул иш боюнча 19 адам кармалып азыр соттолуп жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG