Сербия менен Хорватиянын президенттеринин 1991-жылкы серб-хорват согушунун курмандыктары үчүн кечирим суроосун Европа Биримдиги жана АКШнын Мамлекеттик департаменти "эки жактын элдешүүсү үчүн жакшы жышаан" катары колдоду. Хорватиянын президенти Иво Йосипович менен Сербиянын президенти Борис Тадич 4-ноябрда 19 жыл мурдакы согушта набыт болгондордун көрүстөнүнө барышып, согуш кылмыштарын айыпташкан эле. Эки өлкөнүн өз ара кызматташуусу Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алуунун негизги шарттарынын бири. Хорватия да Сербия да Биримдикке кошулууга дилгир.