Коомдук телерадио корпорациясынын баш деректирлиги үчүн ачык сынакка документтер 20-ноябрга чейин кабыл алынат. КТРКнын Байкоочулар кеңешинин маалымдашынча, талапкерлер менен алгачкы жолугушуу 24-ноябрда өтөт. Баш деректирликти тандоо боюнча биринчи сынак үзгүлтүккө учураган болчу. Анда Байкоочулар кеңешинин жашыруун добушу менен экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков жеңген эле. Мунун айынан Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктар жаралган. Ушундан улам И. Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган. Байкоочу кеңеш болсо бул сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тарта жаңы сынак жарыялган болчу. (EBM)