Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

“Замандаш” шайлоо боюнча Жогорку Cотко кайрылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиядан кабарлашты. Кечээ Бишкектеги Биринчи май райондук соту “Замандаштын” шайлоого байланыштту арызын карап аны канааттандырган эмес. Партиянын юристи Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдору менен аталган партиянын протоколдору дал келбеген шайлоо участкаларда добуштар кайра саналсын деген талап коюп жатышканын билдирген болчу. Биринчи май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан” менен “Жашасын Кыргызстан” партияларынын арызын 9-10-ноябрь күндөрү караганы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG