Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Бизнес коомчулуктун сунуштарын иргөө боюнча топ түзүлдү


Президент Роза Отунбаева бизнес коомчулуктан түшкөн сунуштарды иргеп-топтоп, иликтеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүү тууралуу жардыкка кол койду. Бул сунуштарга ылайык, менчикке болгон укукту коргоо механизмдерин жакшыртуу, атайын билим берүү жана теле берүүлөрдү уюштуруу маселелери каралган. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жумушчу топко тиешелүү министрликтердин, Жогорку Соттун, Коомдук телерадио корпорациянын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирди. Алар бир айдын ичинде сунуштарды иликтеп өкмөттүн кароосуна жөнөтүшү керек болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG