5-ноябрда ок атуучу куралды колдонууда коопсуздук чаралары сакталбагандыктан Коргоо министрлигинин “Ала-Тоо” окуу борборунда генерал-лейтенат К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун 1-курсунун 2 курсанты каза таап, дагы экөө жаракат алды. Курсанттар “Утес” деп аталган пулеметту колдонуу боюнча машыгуудан өтүп жатышкан. Коргоо министрлигинин маалымдашынча, азыр жаракат алгандар Беш-Күнгөйдөгү аскер ооруканасына жаткырылды. Окуя боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду, азыр факт боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Коргоо министринин буйругу менен аталган институттун бардык жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулду. (EBM)