Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

Көк-Бөрү: Ысык-Көлдүн “Кабыланы” баш байгени алды


Улуттук олимпиада комитетинин маалымат катчысы Кабыл Макештин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында “Көк-Бөрү” боюнча сегизинчи чемпионат аяктады. Финалдык оюнда Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасы Кыргызстандын беш жолку чемпиону, Бишкектин “Бөрүлү” командасын биринчи жолу 5:2 эсебинде утуп алып, алтын медалдардын ээси болушту. Катары менен 5 ирет жеңилбей жүргөн “Бөрүлү” командасы жеңилүү ызасын тартып, бул жолу күмүш байгелүү болушту. Үчүнчү орунду Чүй облусунун "Суусамыр" командасы алды. Таймашта баш байгеге 70 миң, экинчи орунга 50 миң, үчүнчү орунга 30 миң, төртүнчү орунга 20 миң, бешинчи жана алтынчы орунга 15 миң сомдон сыйлыктар ыйгарылды.

3-ноябрда Бишкекте башталган “Көк-Бөрү” оюнуна Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 6 команда катышты. Калган аймактардын көкбөрүчүлөрү каражаттын тартыштыгынан келе алышкан жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG