Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Шайлоодо утулуп калган партиялардын арызын кароо 9-10-ноябрда уланат


Бул тууралуу Жогорку Соттон маалымдашты. Ага ылайык Биринчи май райондук соту “Акыйкат”, “Жашасын Кыргызстан” партияларынын арызын кароону бүгүн улантат. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызы эртең, 10-ноябрда каралат.
Белгилүү болгондой өткөн жума күнү Биринчи май райондук соту “Акыйкат”, “Жашасын Кыргызстан” жана “Замандаш” партияларынын бюллетендерди кайра карап чыгуу, Бишкектеги Ленин заводунда сакталып турган бюллетендердин коопсуздугун сактап, кол тийгиздирбөө жана шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарууну өтүнгөн арыздарын карап, “Замандаш” партиясынын өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарган. Сот калган партиялардын доо арызын кароого жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы соттук териштирүүгө койгон Орусиядагы шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышынын мыйзамдуулугун аныктоого жетишпей калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG