Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Таласта төө буурчактын баасын көтөрүү талабы коюлууда


Мындай талап койгон дыйкандар бүгүн маселе чечилбесе эртең кайра Тараз-Талас-Суусамыр жолун тосушарын билдиришти.
Төө буурчактын баасы аны өстүрүүгө кеткен чыгымды актабай жатканын айтышкан дыйкандар 6-ноябрь күнү Тараз-Талас-Суусамыр чоң жолун буушкан. Алар менен президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жолугушуп, маселе жогорку деңгээлде караларын билдирген эле. Жергиликтүү бийлик ээлерине эки күн мөөнөт берген дыйкандар кайрадан жолду ачышкан. Ушул тапта Таласта төө буурчактын 1 килограммы 22-27 сом болууда. Таластык дыйкандар быйыл 70 миң тоннанын айланасында төө буурчак өстүрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG