Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Ошто жер басып алуу аракеттери уланууда


Аймактык кабарчыбыздын маалыматы боюнча, Ош шаарынын батыш тарабындагы Ишкаван айылындагы үлүшкө бөлүнгөн айдоо аянттарын басып алгандар аракетин бүгүн да улантууну көздөп жатышат. Алар бөлүп алган жерлери мыйзамдуу бекитилип бермейинче ал жерден кетпей тургандыгын айтышууда. Жер басып алуучуларга кечээ келип кошулган “Ош шейиттери” кыймылынын мүчөлөрү бийлик тараптан эч кандай жардам болбогону үчүн ушуга барып жатышканын “Азаттыкка” билдиришти. Айдоо аянтын турак-жай куруу үчүн бөлүштүрүүгө кечээ миңге чукул киши катышкан. Үлүшкө бөлүнгөн айдоо аянттарында пахта, сабиз жана жүгөрү жыйнала электиги айтылууда.

Облустук бийлик муну кырдаалды солкулдаткысы келген күчтөр атайын уюштуруп жатат деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG