Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Кыргыз президенти “Мина Корп” менен келишим түзүлүшүн сынга алды


Президент Роза Отунбаева Кыргыз радиосундагы маегинде “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо үчүн АКШнын Коргоо министрлигинин “Мина Корп” ишканасы менен кайрадан келишим түзүшүн сынга алды. Аталган ишкана транзиттик борборду соңку беш жылдан бери май менен камсыздап келгенин, ушул убакыт аралыгында бир катар мыйзам бузууларга, мурунку президент Курманбек Бакиевдин пайдасына паракорчулукка жол бергенин айтты. “Бул ишкана Кыргызстандан Ооганстанга майды мыйзамсыз экспорттогон фактылар бар, бул боюнча прокуратурада кылмыш иштери козголгон", - дейт Роза Отунбаева. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 5-ноябрда АКШ өкмөтүн “Мина Корп” ишканасы менен кызматташпоого чакырган билдирүү тараткан болчу. Пентагон ноябрдын башында "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоо боюнча тендерди Гибралтарда катталган “Мина Корп” утканын билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG