Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ош: жер басып алгандарды милиция күч менен таркатууда


Аймактык кабарчыбыздын маалымдашынча, Ош шаарынан анча алыс эмес Ишкеван жана Кызыл-Кыштык айылдарына тиешелүү үлүш жерлерди басып алгандарды азыр милиция күч менен таркатуу аракетин жасап, 20-30дай кишини кармап кетти. Бирок адамдардын бир тобу таркабай турушат. Окуя болгон жерде жүзгө жакын милиция кызматкерлери келди. Жер басып алгандардын саны бүгүн миңден ашкан эле. Кечээ аларга “Ош шейиттери” уюмунун мүчөлөрү да кошулушкан. Чогулгандар басып алган жерлерин мыйзамдаштырып бермейинче кетпей турганын билдиришкен.

Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбек Тезекбаев “Азаттыкка” жер басып алууларды мыйзамсыз деп атап, муну аймактагы абалды дестабилдештирүүнү каалаган күчтөр атайлап уюштуруп жатат деп айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG