Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Ошто жер талап кылып чыккандар айдоо аянттарынан чыгарылды


Ош шаарынын четиндеги Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылдарынын тургундарына тиешелүү үлүш жерлерди бөлүп алабыз дегендерди милиция күч менен айдоо аянтынан чыгарды. Бул учурда милицияга каршылык көрсөтүү аракети да болуп, тартип бузду делген 20-30 чакты адамды милиция атайын автобусуна салып кеткенин окуя болуп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыз Эрнис Нурматов билдирди. Азырынча милиция канча адамды кармап кеткени тактала элек. Жер ээлеп алуу максаты менен чыккандар учурда жол боюнда турушат, болжол менен алардын саны миңге чукул. Алар менен жолугушууга келген облустук акимчиликтин аппарат башчысы Рашид Тажибаев бул жерлер бирөөлөрдүн үлүш жери экенин, жер берилбестигин айтып, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды. Бирок чогулгандар ага көнбөй, айдоо аянтынын четиндеги жол боюнда дале топ-топ болуп турушат. Милиция кызматкерлери кырдаалга байкоо салып турат. (SM)

XS
SM
MD
LG