Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Азербайжандагы шайлоодо президенттин партиясы жеңишке жетишти


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуштардын 90%ы саналгандан кийинки маалымат боюнча президент Ильхам Алиевдин “Ени Азербайжан” партиясы парламенттеги орундардын көпчүлүгүн алды. Башкача айтканда, парламенттеги 125 орундун 70тен ашууну президенттин партиясына тиет. Азери оппозициясы болсо шайлоо массалык бурмалоо менен коштолгонун билдирүүдө. Адам укугун коргоочу уюмдар шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө өкмөттүн сынчыларынын үнү маалымат каражаттарынан угулбаганын же алар олуттуу чектөөлөргө кабылышканын белгилешти. ЕККУ уюмунун байкоочулары азери шайлоосу боюнча алгачкы тыянагын бүгүн чыгарары күтүлүүдө. Добуш берүүгө элдин 50%дан бир аз ашууну катышкан.

XS
SM
MD
LG