Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Укук коргоочулар А. Аскаров боюнча президентке кайрылышты


Казакстандын Алматы шаарында Борбор Азиядагы укук коргоочуларга арналган семинардын катышуучулары кыргыз президентине, Жогорку Соттун төрайымы жана Башкы прокурорго кайрылуу кабыл алышты. Анда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кармалып, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген өкүм чыгарылышы боюнча тынчсыздануу айтылган. А. Аскаров уруп-согууларга туш болгонун, аны кыйнап урган милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышкан.

А. Аскаров Базар-Коргондо 13-июнда милиция кызматкерин өлтүргөн, башаламандык уюштурган деген айып менен камакка алынган. Аталган райондун соту А. Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Райондук сот андан тышкары дагы эки кишини жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Укук коргоочу өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. 10-ноябрда Жалал-Абад облустук соту Ноокенде А. Аскаровдун доо арызын кароону улантат. (EBM)

XS
SM
MD
LG