Өзбек тектүү эки жигитти өлтүргөн деп соттолгондордун туугандары Жалал-Абад шаар сотунун өкүмүн жокко чыгаруу максатында апелляциялык арыз менен 9-ноябрда облустук сотко кайрылат жана10-ноябрда сот жана прокуратура тармагына ишенбөөчүлүк иретинде митинг өткөрөт. Бул тууралуу уулу соттолгон Арстан Жээнбеков бүгүн билдирди. Анын айтымында, уулу Рустам Жээнбеков өзбек тектүү эки жигит өлдү деген 13-июнь күнү Жалал-Абад шаарында болгон эмес, шаарда тополоң башталганда ал үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүп кеткен. Атасы уулу17-июлда кармалганда уруп-согууга чыдабай, айыпты мойнуна алууга аргасыз болгонун, күнөөсү далилденбесе да Жалал-Абад шаардык соту 5-ноябрда катаал тартипте 25 жылга, аны менен соттолгондор Чолпон Алжановду да 20 жылга, Медет Мамазакиров менен Турат Мамарасуловдун ар бирин шарттуу түрдө 3 жылдан эркинен ажыратканын айтты. Соңку эки айыптуунун бири үй камагында турат, экинчиси дагы он күндөн кийин абактан чыгарыла турган болду, - дейт А. Жээнбеков.
Шаардык сот менен прокуратура болсо кыйноолор болгонун четке кагууда. Июнь коогасында Хуснидин аттуу баласы мерт болгон Насирдин Ташматов төрт соттолуучуга бирдей жаза болуусун сурап, облустук сотко кайрылаарын 8-ноябрда маалымдады. (YA)