Ирактын негизги саясий партиялары коалициялык өкмөттү парламенттик шайлоодон бери сегиз ай өтсө да түзө албай келүүдө. Март айындагы шайлоонун натыйжасында парламенттик көпчүлүктү бир да партия алган эмес. Бүгүн күрддөрдүн аймактык борбору – Эрбил шаарындагы жыйынга шийит, сунни, күрд блокторунун лидерлери, анын ичинде азыркы премьер- министр Нури ал-Малики, анын башкы атаандашы, мурдагы премьер- министр Ияд Аллави да катышкан жатат.
Маалыматтарга караганда, шийит Нури ал –Малики дагы бир мөөнөткө премьер- министрлик кызматын сактап калчыдай, бирок бул үчүн азыр деле Ияд Аллави лидерлик кылган суннит блогунун колдоосун алууга умтулууда.
АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон Ирак тараптардын баарынын кызыкчылыгын чагылдырган өкмөт ээ болот деген үмүттө экенин билдирди.