Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Нарындык журналисттер “эң орой” жана “эң мыкты” бийлик төбөлдөрүн атады


Быйыл акыркы беш-алты жылда облустук журналисттерге кесиптик майрамына карата Нарын облустук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулуп келе жаткан «Алтын калем» сыйлыгы тапшырылган жок. Анын себебин облустук акимчиликтин басма сөз кызматы апрель, июнь окуялары менен байланыштырып, губернатордун корундагы акчалар ошол жакка жумшалганы менен түшүндүрдү. Бирок ага карабай облус бийлиги 15 журналистке 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырса, облустук, шаардык мекемелер, жеке ишкерлер өздөрү менен иштешкен журналисттерди кесиптик майрамы менен куттукташып, акчалай сыйлык, баалуу белектер менен сыйлашты. Андан сырткары журналисттер жылдагыдай эле маалымат берүүдөгү «орой», «мыкты» чиновниктерди тандашып, аларга тамашалуу белек тапшырышты. «Naryn.kg» медиа борбору журналисттердин арасынан өткөргөн сурамжылоосунун негизинде «маалымат берүүдөгү эң орой чиновник» деп облус прокурору Нурлан Дюшенбиев аталса, «мыкты чиновник» деп журналисттер Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыровду табышты. Аталган медиа борбор мындай сынакты акыркы эки жылдан бери 7-ноябрга карата өткөрүп келет. (JI)

XS
SM
MD
LG