Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

Орусия журналисттери коргоону талап кылышты


Мындай талап “Коммерсанть” гезитинин биринчи бетинде бүгүн жарыяланган ачык катта айтылат. Мунун алдында ишемби күнү аталган басылманын кабарчысы Олег Кашин катуу сабалган эле. Журналист учурда оор абалда ооруканада жатат. Журналисттин сабалышы тартылган деп болжолдонгон видео тасма бүгүн Интернетке чыгып, атүгүл мамлекеттик теледен көргөзүлдү. Орусиянын Башкы прокуратурасынын тергөө комитети кылмыш иши жогорку деңгээлде териштилип жатканын билдирүүдө. Евробиримдиктин басма сөз өкүлү аталган окуя боюнча уюмдун “терең тынчыздануусун” билдирди. “Коммерсанть” басылмасында жарыяланган ачык катта Орусияда быйыл эле кылмыштардын айынан сегиз кабарчы мерт болгону белгиленет. Бул аралыкта бүгүн “Жуковские вести” деген жергиликтүү гезиттин кабарчысы Анатолий Адамчук да токмок жеп, башынан олуттуу жаракат алганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG