Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Байкоочулар азери шайлоосунан эч кандай прогрессти көргөн жок


ЕККУ жана Европа кеңешинин эл аралык байкоочулары өз билдирүүсүндө Азербайжан соңку парламенттик шайлоодо реалдуу демократиялык өзгөрүү жасай албагандыгын жана кечээги саясий өнөктүк олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилешти. Алардын пикиринде, шайлоонун жүрүшүндө “сөз эркиндиги, жыйналуу эркиндиги” чектелген. Бюллетендерди тутамдап салуу фактылары катталган. ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Одри Гловердин айтымында, алар “фундаменталдык эркиндиктер чектелгендигине, массалык маалымат каражаттарынын бейтарапсыздыгына, коомдук турмушта жалгыз партиянын үстөмдүк кылышына жана шайлоо күнү олуттуу укук бузуулар орун алгандыгына тынчызданат”

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуштардын 99%ы саналгандан кийинки маалымат боюнча президент Ильхам Алиевдин “Ени Азербайжан” партиясы парламенттеги орундардын көпчүлүгүн алды. Башкача айтканда, парламенттеги 125 орундун 70тен ашууну президенттин партиясына тиет. Оппозициянын негизги уюмдары катары эсептелген Элдик фронт менен “Мусават” партиясынын блогу парламенттен бир да орун албайт. “Мусаваттын” лидерлеринин бири Иса Гамбар алар “демократиялык эмес” шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG