Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Жер басып алгандар шаардык мэриянын алдына митингге чыгышат


Алар 7-8-ноябрь күндөрү турак-жай куруу үчүн Ош шаарынын четиндеги айдоо аянттарынан бөлүп алышкан жерлерди мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышмакчы. Бул тууралуу Ош шаарынын четинен жер басып алгандар түзгөн штабдан “Азаттыкка” маалымдашты.

Ош шаарынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тиешелүү айдоо аянттарын басып алган миңге чукул кишини кечээ милиция тараткан. Облустук бийлик жер басып алуучулардын артында өлкөдөгү саясий кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн күчтөр турат деп эсептейт. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө тиешелүү 200 гектардан ашуун айдоо аянты дыйкандарга үлүш жер катары берилген, көпчүлүк жерде эгин толук жыйнала элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG