Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

АКШ орус журналистине кол салууну айыптады


Орус журналисттери "Коммерсант" гезитинин кабарчысы Олег Кашиндин ырайымсыздык менен токмоктолушуна байланыштуу президент Дмитрий Медведеге ачык кат менен кайрылышты. Алар мамлекет башчыны журналисттерди коргоого үндөштү. Кайрылуу “Коммерсанттын” биринчи бетине басылды. Жума күнү белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган кабарчы эсине келелек. Журналистке болгон кол салууну АКШ айыптап, орус бийлигин кылмыштын бетин тезирек ачууга чакырды. Мамлекеттик департаменттин маалымат өкүлү Филип Кроули дүйнөдөгү бардык журналисттер өз ишин эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сезүүгө тийиш деди. Кашиндин сабалышына байланыштуу тынчсыздануусун буга чейин Еврошаркеттин жетекчилиги да билдирген.

XS
SM
MD
LG