Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Ооганстандын армиясын машыктыра турган адистер жетишпейт


Ооганстандын аскерий жана полиция күчтөрүн машыктыруу үчүн НАТО дагы 900дөн ашуун адиске муктаж. Бул тууралуу НАТОнун Ооганстандагы машыктыруу миссиясынын кол башчысы генерал Уильям Калдвелл билдирди. Ооган президенти Хамид Карзай өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо милдети 2014-жылга чейин жергиликтүү армияга толугу менен өтүүгө тийиш деген каалоосун айткан эле. Бирок Калдвелл кошумча машыктыруучуларсыз бул максатка жетүү кыйын болоорун белгиледи. Генералдын айтымында, Ооганстанда ушу тапта 1 миң 800дөй машыктыруучу ооган аскерлерин үйрөтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG