Ливандагы зоопаракта тамеки чегип элдин көңүлүн ачкан шимпанзе куткарылып, Бразилияга жөнөтүлдү. Жаныбарлардын укуктарын коргоо уюму Омега деген шимпанзени чылым чегип жаткан жеринен байкап калышкан. Ал Сан Паулу шаарына самолет менен учуп кетти. Ал каттамда тамеки чегүүгө уруксат берилеби же жокпу кабарларда айтылган жок.