16-ноябрда Москва шаарында Кыргызстандын атактуу кинорежиссеру, СССР эл артисти Төлөмүш Океевди эскерүү кечеси өткөрүлөт. Быйыл сентябрда улуу режиссер 75 жашка толмок. Кече Россиянын кинематографисттер союзунун эл аралык бөлүмү, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, Россия кинематографисттер гилдиясы тарабынан уюштурулууда. Ага белгилүү режиссер, актерлор Никита Михалков, Армен Жигарханян, Али Хамраев, советтик кинонун башка атактуу ишмерлери катышаары күтүлүүдө. Кечэде Океевдин “Бакайдын жайыты” фильми көргөзүлөт. Режиссер “Улан”, “Уркуя, “Кызыл алма”, “Кожожаш” жана башка көркөм фильмдерден тышкары бир нече документалдык тасманы тарткан.