Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Сот “Акыйкат” партиясынын шайлоо боюнча арызын карай баштады


Бишкектеги Биринчи май райондук соту азыр “Акыйкат” партиясынын шайлоо жыйынтыгы боюнча арызын карап жатат. Аталган партия шайлоо участкалардагы мыйзам бузуулар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берип, добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылууда. Сот аталган партиянын арызын 5-ноябрда карап, тараптарда жетиштүү документ жана далилдердин жоктугунан улам ишти кароону бүгүнкүгө жылдырган болчу. Ушул эле сотто бүгүн “Жашасын Кыргызстан” партиясынын шайлоо боюнча арызын каралат. Эртең “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызы боюнча сот болот. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин маалымдашынча, шайлоо боюнча 10 арыз келип түшкөн. Анын алтоо каралып, сот чечим чыгарган. Азыр "Замандаш" партиясынын жана дагы бир жарандын шайлоо тууралуу арыздары Жогорку Соттун кароосуна жөнөтүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG