Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

“Республиканын” 6 талапкери депутаттык мандаттан баш тартты


“Республика” партиясынан маалымат катчысы Кубат Болотканов “Азаттыкка” депутаттыктан баш тарткан талапкерлер мындай чечимди өз эрки менен кабыл алганын билдирди. Алардын кээ бирлери мурда иштеген ишин улантуу үчүн, дагы бирлери шайлоо маалында өз аймактарында көбүрөк добуш топтоп бере албай калгандыктан мандаттан баш тартуу тууралуу арыз жазып беришкен. К. Болотканов “Республиканын” ичинде тизмеге байланыштуу талаш-тартыш болуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев жалпысынан “Республикадан” 33 талапкер тизмеден чыгуу боюнча, алардын ичинен депутаттыктан баш тартуу тууралуу арыз жазганын, талапкерлердин арызы канааттандырылганын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG