Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:23

Гуанжоуда Кыргызстандын туусун көтөрүү аземи өттү


Бүгүн Кытайдын Гуанжоу шаарында олимпиадалык айылда Кыргызстандын туусун көтөрүү аземи өттү. Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз өкүлү Кабыл Макешовдун “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чарага аталган комитеттин баш катчысы Саламат Эргешов баштаган спортчулар катышты. Азыр XVI Азия оюндары футбол боюнча мыктыларды иргеп алуу сынагы өтүп жатат. Кечээ Кыргызстандын улуттук курама командасы Малайзиянын командасынан 2-1 эсебинде утулуп калды. Эртең алатоочулук футболчулар Кытайдын командасы менен беттешет. 12-июнда башталчу Азия оюндарына Кыргызстандан 24 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG