Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Жогорку Сот А. Саиповдун өлүмү боюнча өкүмдү күчүндө калтырды


Бүгүн Жогорку Сот журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча кылмыш ишин карап, соттун биринчи жана экинчи баскычтарынын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Белгилүү болгондой Абдугафар Расулов Алишер Саиповду өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан быйыл май айында 20 жылга кесилген. Абдугафар Расулов сот өкүмү менен макул болбой Жогорку Сотко кайрылган эле. Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Саясат” гезитинин редактору А. Саипов үч жыл мурун киши колдуу болгон. Журналисттин жакындары анын өлүмүн ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.
Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов А. Расуловдун анын уулун өлтүрүүгө тиешеси бар экенине ишенбестигин билдирип келет.(EBM)

XS
SM
MD
LG