Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Оогандар талиптер менен сүйлөшүүнү колдойт


Оогандардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн талип козголоңчулары менен тынчтык сүйлөшүүгө баруусун колдойт. Азия фондунун бүгүн жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгы оогандардын 83 проценти антиөкмөтчүл күчтөр менен сүйлөшүүнү колдогонун көрсөттү. Бул өткөн жылдагыдан 12 процентке көп. Калктын 37 проценти коопсуздукту жумушсуздук жана жемсөөлүктөн кийинки эң чоң проблема деп эсептешет. АКШнын Өнүгүү агенттигинин жардамы менен жүргүзүлгөн сурамжылоо элдин пикирин плюс-минус 4 процент жаңылыш чагылдырышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG