Израил Чыгыш Иерусалимдин араб калктуу бөлүгүндө жөөттөр үчүн жаңы 1300 турак жай курууну пландаганы ырасмий маалымдалды. Бул маселе АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон бейшемби күнү Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен Нью-Йоркто кездешкенде талкууланарын Мамдепартаментинин өкүлү Филип Кроули билдирди. Вашингтон Израилдин басып алган жерлерде жаңы турак үйлөрдү куруусуна каршы.
Евробиримдик Израилди өз планынан баш тартууга чакырды. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Израилдин жаңы конуштарды куруу планына тынчсыздануу билдирди. Палестин лидери Махмуд Аббас Израил конуштарды кеңейтүүнү токтотмоюн, тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуудан баш тарткан.