Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Эмгек мигранттары мекенине 325 млрд. доллар жөнөтүштү


Дүйнөлүк банктын билдиришинче, экономикалык өсүүнүн төмөндөгөнүнө карабай, 2010-жылы чет өлкөлөрдөгү мигранттар Ата Журтуна 325 миллирд доллар жөнөтүшкөн. Бул мурдакы жылдардагыга салыштырганда 6 процентке көп. Мигранттардан эң көп акча алган төрт өлкө: Индия, Кытай, Мексика жана Филиппин саналат. Индия чет өлкөдөгү жарандарынан 55 млрд. доллар, Кытай 51 млрд. доллар, Филиппин 22,6 млрд. доллар алган. Дүйнөлүк банктын эсебинче, келерки 2011-жылы иммигранттар мекенине жөнөткөн акча 6,2 процентке өсүп, 346 млрд. долларга чыгат.

XS
SM
MD
LG