Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

АКШ өлүм жазасынан азырынча баш тартпайт


Кошмо Штаттары эл аралык коомчулуктун өлүм жазасынан баш тартуу чакырыктарын четке какты. Мамлекеттик департаменттин юридикалык кеңешчиси БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде билдиргендей, өлүм жазасын колдонууга эл аралык мыйзамдар жол берет. Харолд Кох Вашингтон айрым сунуштарды, анын ичинде түпкүлүктүү калктардын укуктарын коргогон декларацияга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгарын айтты. Өлүм жазасын колдонбоо чакырыгында 228 сунуш камтылган. Кеңеш АКШдагы адам укуктарынын абалын алгачкы жолу карады.

XS
SM
MD
LG