Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Иракта парламент жаңы өкмөт боюнча жыйын өткөрөт


Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин айтымында, парламент келерки бейшемби күнү өкмөт түзүү ишин аягына чейин чыгарууга киришет. Март айында өткөн парламенттик шайлоодо эч бир партия бараандуу көпчүлүккө ээ боло алган эмес. Ирак ошондон бери жаңы өкмөтү жок жашап келди. Мурдагы өкмөт башчысы Айад Алявинин суннилер колдогон блогу шайлоодо биринчи болуп келген, ал-Маликинин шийит алянсы андан болгону эки добуш артта калган. Ушул шейшембиде ал-Маликиге караган сыналгы бир нече жолугушуулардан кийин Малики дагы бир мөөнөт кызматта калат деген макулдашуу жетишилгенин, бирок президент же парламенттин спикери ким болот деген маселе ачык бойдон экендиги кабарланган. Бул маалыматты башка саясий партиялар ырастай элек.

XS
SM
MD
LG