Багдаддан келген кабарларга ылайык, Ирактын саясатчылары өкмөт куруу боюнча мунасага жакындашты. Парламент депутаттары маалымдашкандай, суннилердин “Иракия альянсы” Нури ал-Малики жетектеген өкмөткө кирүүгө жалпысынан макул болду. Альянс март айындагы парламенттик шайлоону жеңгени менен, коалаиция түзө алган эмес. Кабарларга караганда, келишимге ылайык "Иракияга" парламент спикеринин орду берилет. Парламент бүгүн марттан бери 2-жыйынына чогулаары күтүлүүдө.