Эмнести Интернешнл укук коргоо уюму АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун китебине байланыштуу тергөө жүргүзүүгө үндөдү. Жаңы чыккан эскерүүсүндө кенже Буш терроризм үчүн шектелгендерди суракка алуунун катаң ыкмаларын актаган. Экс-президент сууга чөктүрүү ыкмасын колдонууга уруксат бергенин моюнга алган. Уюмдун өкүлү Клаудио Кордоненин айтымында, бул факт иликтөө баштоого, керек болсо Бушту жоопко тартууга жетиштүү.