Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 17-ноябрга калды

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” 15-ноябрь иш күн эмес деп жарыяланганына байланыштуу апрель окуялары боюнча сот процесси 17-ноябрга жылганын кабарлады. Кыргызстанда 16-ноябрда Курман Айт белгиленет. Өкмөт эл толук эс алышы үчүн 15-ноябрды да иш күн эмес деп жарыялап, бул күнкү жумушту 13-ноябрга которуу тууралуу чечим чыгарды. Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 15-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунда өтмөк эле. Апрелдеги кандуу окуяда 86 адам өлүп, миңдей адам жаракат алган. (EBM)
XS
SM
MD
LG