Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Нарын: электр кубатына жеңилдиктер кайра эсептелине элек


“Тянь-Шань” электр тармактар ишканасынын жетекчиси Таалай Жумагуловдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, Нарын районунун ушул жылдын 1-ноябрына карата дебитордук карызы 19 миллион 413 миң сомду түзсө, мунун ичинен элдин дебитордук карызы 14 миллион 974 миң сомго барабар болууда. Анын себебин Т. Жумагулов жыл башында электр кубатына тарифтердин кымбатташы, компенсациялык төлөмдөрдүн айрым категориядагы колдонуучуларга берилбей калганы менен түшүндүрдү. Андан сырткары бийик тоолуу райондор үчүн жайкысын 50 кВт, кышкысын 110 кВт берилүүчү жеңилдиктер 7-апрелге чейин берилбей, андан соң кайра эсептелинбей калган. Президент Роза Отунбаева Нарынга сапары маалында бул маселени чечүүгө убада берген, бирок Т. Жумагуловдун айтымында, азырынча иш ордунан жыла элек. Бул маселе 11-ноябрда Нарын райондук депутаттар кеңешинин 11-сессиясында көтөрүлдү. (JI)

XS
SM
MD
LG