Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:43

Р.Жээнбеков: “Бийлик үч партияга тең бөлүнүшү керек”


“Ата Мекен” партиясынын лидеринин орун басары Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” курган маегинде коалиция маселесине токтолуп, эгерде “Ата Мекен”, КСДП жана “Республика” коалиция түзө турган болсо, мамлекеттик бийлик бул үч партиянын ортосунда тең бөлүнүшү керектигин айтты. Жээнбеков эч кандай маселе чечпеген кызматтарды алып, сырттан эле байкоо менен саясий-экономикалык жоопкерчиликти алуу оор болгонун белгиледи. “Эгерде биз коалицияга кирип, жоопкерчиликти тең бөлүшүп, алардын оорун да, жеңилин да чогуу көтөрө турган болсок, анда биз саясий-экономикалык маселелерди чече турган күчтүү ролдорду алууга даяр болушубуз керек”,-деп белгиледи Равшан Жээнбеков.

XS
SM
MD
LG