Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Акбөкөн Таштанбековду кармап кетишти


“Ооган согушунун ардагерлери" партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбековду 11-ноябрда беткапчан жана куралчан адамдар Огонбаев көчөсүндөгү үйүнүн жанынан күндүз кармап кетишкен. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган партиянын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, учурда Акбөкөн Таштанбековду коргоо комитети түзүлүп, партия мүчөлөрү бүгүн түштөн кийин эски аянтка нааразылык акцияга чыгууну пландоодо.

Маалыматка караганда, Таштанбеков учурда Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында кармалууда. Бул маалыматты тастыктаган Бишкек ШИИБнин маалымат катчысы Айгүл Давлеткелдиева анын эмне себептен кармалганын ИИМ тактап жатканын “Азаттыкка” кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG