Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

“Раззаковдун тагдыры” аттуу китеп чыкты


Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына арналып жазылган бул китептин бет ачары бүгүн Улуттук китепканада болду. Китептин автору Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев. Анда И.Раззаковдун үч жашында ата-энесинен томолой жетим калып, таякелери Хоженттеги жетим балдар үйүнө тапшырганы, кийин Ташкенттен педагогикалык билим алып, ошол учурдагы Өзбекстандын көсөм жетекчиси Ахунбаевдин көрөгөчтүгү менен мамлекеттик кызматка алынганы жазылган. Ошондой эле анын Өзбекстандын Эл комиссарлар кеңешинин жетекчилигине чейин көтөрүлгөндүгү, кийин КПСС БК чечими менен Кыргызстанга өкмөт башчы, беш жылдан кийин Кыргыз ССР КП БК биринчи катчылыгына чейин көтөрүлгөндүгү жана андан кийинки ишмердүүлүгү менен кошо өмүрүнүн акырындагы трагедиялуу тагдыры ыр менен көркөм баяндалган.

Китептин бет ачар аземине президенттин администрациясынын, Маданият жана маалымат министрлигинен өкүлдөр, маданият чөйрөдөгү белгилүү акын, жазуучулар катышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG