Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

КСДП менен “Ата Мекендин” лиделери коалиция түзүү боюнча сүйлөштү


Бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Бул боюнча “Азаттыкка” кабарлаган Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков, алдын ала сүйлөшүүлөр бүткөндүгүн билдирди. “Бизге бул милдет жүктөлгөндөн кийин А.Атамбаев башка эки партиянын лидерлери менен да жолугушат. Анан албетте жакынкы арада чечим кабыл алынат деп турабыз”, - деди Ч.Турсунбеков. Ал “Ата Мекен” партиясы менен көп позициялар боюнча жалпылык бар экенин, айрым тактай турган маселелер калгандыгын айтты.

Кечээ президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаевге коалициялык өкмөт түзүү боюнча мандат тапшырган. КСДП буга чейин “Республика” партиясы менен сүйлөшүп, бир макулдашууга жетишкенин маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG