Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Султан Жумагулов “Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектейт


Прагадагы башкеңседен келген “Азаттык” үналгысынын директору Венера Сагындык кызы Жуматаева “Азаттыктын” Бишкек бюросунун (“Азаттык медиа” мекемесинин) жамаатына бүгүн (12-ноябрда) жаңы жетекчи катары Султан Жумагуловду тааныштырып жатып, бул тажрыйбалуу журналист бюро башчысы кызматына бир нече талапкердин ичинен тандалып алынганын белгилеп айтты. С. Жумагулов жаңы ишине 15-ноябрдан тартып киришмекчи.

Султан Жумагулов, 51, Кыргызстанда таланттуу журналист жана тажрыйбалуу медиа адис катары таанымал.

Ал Кыргыз улуттук университетинде таалим алган. 1980-жылдардан тартып 1990-жылдардын башына чейин “Ленинчил жаш” гезитинде, андан соң парламенттик “Эркин-Тоо” гезитинде иштеген.

Эгемендик доорунда “Кутбилим”, “Асаба” гезиттери менен да кызматташкан.

1990-жылдардын соңунан тартып британдык “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту” (IWPR) менен кызматташып, изилдөөчү макалалар жарыялаган. Өзү да жаш кесиптештери үчүн журналистиканын эл аралык стандарты жаатында семинарлар өткөргөн жана чакан колдонмо китепче жарыялаган.

Бир нече жыл бою “Би-Би-Синин” Кыргыз кызматынын Бишкек бюросунда кабарчы, улук кабарчы болуп иштеп, Лондондо жана башка шаарларда “Би-Би-Синин” журналисттик адистикти тереңдетүү семинарларына катышкан.

2010-жылдын 7-апрел ыңкылабына чейинки соңку бир нече айда С. Жумагулов Кыргыз президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо кызматынын жетекчиси болуп иштеген. Андан соң медиа адис катары ар кыл иш-чараларды жүзөгө ашырып келди.

Султан Жумагулов сатиралык жана юмордук аңгемелер да жарыялап келет.

“Азаттыктын” Бишкектеги бюросун 2005-2010-жж. жетектеген Кубат Оторбаев 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргыз коомдук телерадио компаниясына (КТРК, мурдагы УТРК) башкы директор болуп дайындалган. Андан бери “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчисинин милдетин Бурулкан Турдубек кызы Сарыгулова аткарып келди.

“Азаттыктын” Бишкек бюросунун мурдагы кабарчысы Султан Абдыракманов 2005-жылдын 24-мартындагы “Жоогазын” ыңкылабынан соң Кыргыз улуттук телерадио корпорациясын (мурдагы КТР, азыркы КТРК) жетектеп калган. 2005-жылдын сентябрынан 2007-жылдын ноябрына чейин УТРКнын директору кызматын “Азаттыктын” Бишкек бюросунун мурдагы (1998-2005-жж.) жетекчиси Кыяс Молдокасымов аркалаган.

XS
SM
MD
LG