Талип козголоңчулары Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарындагы аэропортко кол салышты. Ооган тараптын билдиришинче, адаватчылар аэропорттун четиндеги ооган аскерлеринин бекетине чабуул жасашкан. Согушчандар Жалалабад аэропортуна байланышкан НАТОнун аскерий базасына да жапырык жасашты. НАТО күчтөрү кабарлашынча, салгылашууда сегиз козголоңчу жана бомба байланган бир жанкечти жок кылынган.