Молдованын президенти НАТОну Россияга кысым көрсөтүп, орус аскерлерин Молдовадан чыгартып кетүүгө көмөктөшүүнү сурады. Михай Гампу НАТОнун баш катчысы Андрес Фог Расмуссенге жума күнү жолдогон катында Россия 1999-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун саммитинде берген убадасын аткарып, 2002-жылга аскерлерин Приднестровьеден чыгарып кетпегенин белгиледи. Президент Гампунун жазышынча, россилык аскерлер Молдовага “үзбөй коркунуч жаратып, Днестровьенин жикчил бийлигине жардам берүүдө”.
Приднестровьеде, маалыматтарга караганда, Россиянын 1,5 миң аскери бар.
Приднестровьеде, маалыматтарга караганда, Россиянын 1,5 миң аскери бар.